ДССУ Кыргызстанда жети артыкчылыктуу багыт боюнча иш алып барууда

Ден соолук Загрузка... 07 Февраль 2025 11:50
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Чолпон Жумалиева

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсеси 2030-жылга чейинки стратегиясынын алкагында жети артыкчылыктуу багытта иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча журналисттер үчүн уюштурулган иш-чарада ДССУнун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Ливиу Ведраско билдирди.

Анын айтымында, аталган стратегияга 2023-жылы кол коюлган жана ал өлкө калкынын саламаттыгы үчүн маанилүү үч стратегиялык багытты жана жети артыкчылыктуу тармакты өзүнө камтыйт.

“Өлкөлүк кызматташуу стратегияда гипертензия (кан басымдын жогорулашы) ооруларына, психикалык саламаттыкка, өзгөчө кырдаалдарга даярдык, микробго каршы дары каражаттарына туруктуулук, айлана-чөйрөнүн гигиенасы жана химиялык коопсуздук, саламаттык сактоого кадрдык ресурстарын жана санариптештирүү боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган”, - деди Ливиу Ведраско.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин ишмердүүлүгүнө 30 жылдан ашты. Учурда дүйнөдө ДССУнун 150дөн ашык өлкөлүк кеңселери бар.