Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бишкектин борборунда Maker Fest Bishkek 2025 инновациялык жана технологиялык фестивалы өттү.
Катышуучулар өздөрүнүн чыгармачыл жана инновациялык ойлоп табууларын, анын ичинде 3D-моделдеги объектилерди, колго жасалган дрондорду жана өз өндүрүшүндөгү гаджеттерин көрсөтүштү.

Maker Fest алдыңкы технологиялардын көргөзмөсү гана болбостон, тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Катышуучулардын көңүлүн бурган физикалык күчтү энергияга айландырып, приборлорду заряддоого мүмкүндүк берген педал менен иштеген велосипед генератору сыяктуу долбоорлор болду. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул аппаратты жасоого үч айга жакын убакыт кеткен.

Ошондой эле балдарга арналган «Neo Mood» рюкзактары көрсөтүлдү, ал баланын эмоционалдык абалын кнопка аркылуу берүүгө мүмкүндүк берет; рюкзакта өзгөчө кырдаалдар үчүн SOS баскычы орнотулган.
Кыргыз Республикасынын Т.Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын жаш сүрөтчүлөрүнүн эмгектери иш-чаранын маанилүү бөлүгү болду. Экспонаттардын бири 8-класстын окуучусу Чыңгыз Адилбековдун майлуу боёк менен тартылган сүрөтү болду.

Фестивалда көмүртектүү дрондор жана программалануучу робот көз да тартууланды. Иштеп чыгуучу Абай алты айдан ашык убакыттан бери дрондорду жаратуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.
Ал ошондой эле «көздөрдү» моделдөө үчүн адамдын көзүнүн бүт түзүлүшүн, анын иштешин, эмне үчүн ирмеп турганын жана бул процесстин так кантип ишке ашарын изилдегенин кошумчалады. Башкача айтканда, бул көздөр адамдын көзүнүн кыймыл-аракетин так кайталайт.

Мындан тышкары, фестивалдын катышуучулары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери тарабынан жасалган ата мекендик ноутбуктарды көрсөтүштү.

Мындай көп сандагы катышуучуларды камтыган иш-чара жана көптөгөн инновациялык ачылыштар албетте, жаштарга дем берип, келечекке болгон ишенимди жаратат.