Досумду сактап калдым. Жапаров Ташиевдин кызматтан кетишинин себебин айтты

Президент Загрузка... 13 Февраль 2026 11:25
409680.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, кызматтан алып жатканымды билдирдим. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анда мамлекет башчысы эгер тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбаса, эл экиге бөлүнө баштамак деп белгиледи. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркуткан фактылар президентке чейин жеткен.

“Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп бөлүп баштады. "Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким" деп сураган депутаттарга: "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү “ак сакалдарга” өттү. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, “жогору жак менен макулдашылган”, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты.
Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди. Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм”, - деди өлкө башчысы.

Президент Камчыбек Ташиевдин айлана-тегерегинде жүргөндөр досун жолдон адаштырып бара жатышканын, алар анын атын жамынып, парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташканын айтып өттү.

“Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.