"Дордой" базарына баруучу айрым көчөлөр жакынкы 10 күндө ачылат

Коом 134 20 Август 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.52 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.51 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.52 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.49.51 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Дордой" базарынын айланасындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо иштеринин экинчи этабынын алкагында бир катар тилкелердеги иштер толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдор кеңейтилип, тротуарлар жана ирригациялык системалар курулду.

Алдыдагы 10 күндүн ичинде Кожевенная көчөсүнөн Чымкент көчөсүнө чейинки Безымянная көчөсүн, ошондой эле Безымянная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки Чымкент көчөсүн унаа кыймылы үчүн ачуу пландалууда.

Элебесов көчөсүндө Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкеде иштер жүргүзүлүүдө. Бул тилкедеги иштер суу түтүктөрүн жана канализациялык түтүктөрдү тартуу иштерине байланыштуу созулууда.

Мэр Айбек Жунушалиев иштердин жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматтарга жана подряддык уюмдарга аткарылып жаткан иштердин сапатын талаптагыдай камсыз кылууну жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды.