Трамп АКШнын мамлекеттик карызын "алтын карталарды" сатуунун эсебинен азайтууга ниеттенүүдө

Дүйнө Загрузка... 05 Март 2025 11:10
WhatsApp Image 2025-03-05 at 07.23.12.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Дональд Трамп АКШнын мамлекеттик карызын "алтын карталарды" сатуунун эсебинен азайтууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Интерфакс маалымдады.

Дональд Трамптын айтымында, АКШда жашоого жана келечекте жарандык алууга мүмкүнчүлүк берген "алтын карталарды" сатуу аркылуу жумуш орундарын түзө турган эмгекчил адамдарды тартса болот.

"Бул грин-картага окшош, бирок андан да жакшы", - деди Трамп.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп АКШ 5 млн долларлык "алтын карталарды" сата турганын билдирген. Карталарды сатуу жакын арада башталары пландалууда.