Долбоор партиялык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдык тутумундагы кемчиликтерди оңдоого багытталган - Сыдыгалиев

Пикир Загрузка... 24 Февраль 2025 17:52
1076064515_0_47_2531_1471_600x0_80_0_0_1384984bc257b717e34abadc2739499e.jpg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, шайлоо системасынын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Нурбек Сыдыгалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде сунушталган конституциялык долбоор партиялык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдык тутумундагы кемчиликтерди оңдоого багытталган деп белгилейт.

“Бул конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин – мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органын жалпы тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу түзүүнүн жаңы механизмин карайт.

Эл аралык практика көрсөткөндөй, парламентте элдик өкүлчүлүк кеминде төрт формада болушу мүмкүн.

Биринчиден, географиялык өкүлчүлүк бар, башкача айтканда, ар бир регион, ал шаар, поселок, провинция же шайлоо округу болобу, мыйзам чыгаруу органына өз өкүлдөрүн шайлайт, алар акыркы жыйынтыкта өз регионуна отчет берет.

Экинчиден, идеологиялык айырмачылыктар коомдун ичинде мыйзам чыгаруу органында саясий партиялардын өкүлдөрү же көз карандысыз өкүлдөр же экөөсү аркылуу чагылдырылышы мүмкүн.

Үчүнчүдөн, саясий партиялардын идеологиялык негизи жок болсо дагы, мыйзам чыгаруу органы өлкөдө түзүлгөн партиялык-саясий кырдаалды көрсөтө алат. Эгерде шайлоочулардын жарымы кайсы бир партияга добуш берсе, бирок ал партия мыйзам чыгаруучу органдан бир да орун албаса же дээрлик эч нерсе албаса, анда мындай система элдин эркин билдирет деп эсептөөгө болбойт.

Төртүнчүдөн, жалпы элдик өкүлчүлүк концепциясы мыйзам чыгаруу органы кандайдыр бир деңгээлде «улуттун күзгүсү» болууга тийиштигин, башкача айтканда, ал өзүнүн бардык көрүнүштөрүндө жалпы элдин бүткүл спектрин чагылдырышы керек экендигин билдирет. Адекваттуу мыйзам чыгаруу органынын курамына аялдар менен эркектер, жаштар менен карылар, байлар жана кедейлер, ошондой эле ар кандай диний конфессиялардын, коомдун тилдик жана этностук топторунун өкүлдөрү кириши керек.

Өкүлчүлүк Жогорку Кеңештин иштөө жана ишинин ыкмасы катары биринчи кезекте депутаттардын шайлоочулар менен ар кандай социалдык топтордун кызыкчылыктарын аныктоого багытталган тыгыз мамилелерин колдоо милдетинен көрүнөт. Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк функциясы парламент жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча көз карашын билдирүү жана талкуулоо, ошондой эле бул талкуулардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик саясаттын негиздерин аныктоочу форумдун ролун аткаргандыгында турат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын натыйжалуу ишке ашыруусу ички жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча алардын көз карашын аныктоо максатында шайлоочулар менен диалогду жүргүзүүнү, ошондой эле бул пикирлерге негизделген сунуштарды айтуу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарын (мыйзамдарды кабыл алуу, дебаттарга катышуу, парламенттик суроо-талаптарды түзүү) колдонууну билдирет. Мындан тышкары депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын атынан айрым долбоорлорду же каржылык демилгелерди сунуштай алышат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүктүү ролу алар өз шайлоочулары менен жолугуп, аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет бериши керек дегенди билдирет. Депутаттар шайлоочулар менен байланышта болуу менен бирге калк менен чогуу иштерди жүргүзө алышат, мисалы шайлоочуларга даректүү жардамдарды көрсөтүү жана алардын конкреттүү социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү. Жалпысынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткаруусунун натыйжалуулугу жарандардын алар менен болгон өз ара аракеттенүүсүн кандай кабыл алганынан көз каранды. Шайлоо жана “шайлоочулардын мандаты” Жогорку Кеңешке мыйзам чыгарууга жана башка функцияларды аткарууга, ал эми шайлоочуларга Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдерге алардын тиешеси бар экендигин көрүүгө мүмкүндүк берет.

Сунушталган конституциялык долбоор партиялык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдык тутумундагы кемчиликтерди оңдоого багытталган,”- дейт Нурбек Сыдыгалиев.