Документтердеги дал келбестик: Россиядан келген 90 куб метр жыгач артка кайтарылды

Укук тартиби Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 10:20
derevo-850x498.jpg

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Чүй облусундагы "Чалдыбар" фитосанитардык көзөмөл постунан Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылынган 90 куб метр көлөмдөгү жыгач материалдарынын партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыгач материалдары Россиядан эки жүк ташуучу унаа менен келген.

Текшерүү учурунда адистер фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар жүктүн коштомо документтериндеги маалыматтарга дал келбегенин аныкташкан.

Мыйзам бузуулар аныкталгандыктан, жүк артка кайтарылды.