Дохадагы саммитте Кыргызстан адам капиталын өнүктүрүү саясатынын артыкчылыгын ырастады

Министрлер кабинети 05 Ноябрь 2025 12:52
690ae566a3fc1-thumb.jpg
690ae566c0843-thumb.jpg
690ae566da3f7-thumb.jpg
690ae566dbaba-thumb.jpg
690ae5670a4ab-thumb.jpg
690ae5670e562-thumb.jpg
690ae5672b876-thumb.jpg
690ae5672baff-thumb.jpg
690ae5677eca4-thumb.jpg
690ae56687d31-thumb.jpg
690ae5674869e-thumb.jpg
690ae56749174-thumb.jpg
690ae56768036-thumb.jpg
690ae56769325-thumb.jpg
Алдыга
Артка
690ae566a3fc1-thumb.jpg
690ae566c0843-thumb.jpg
690ae566da3f7-thumb.jpg
690ae566dbaba-thumb.jpg
690ae5670a4ab-thumb.jpg
690ae5670e562-thumb.jpg
690ae5672b876-thumb.jpg
690ae5672baff-thumb.jpg
690ae5677eca4-thumb.jpg
690ae56687d31-thumb.jpg
690ae5674869e-thumb.jpg
690ae56749174-thumb.jpg
690ae56768036-thumb.jpg
690ae56769325-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин пленардык дебаттарында сөз сүйлөдү.

Өз кайрылуусунда Эдил Байсалов Кыргызстандын Доха саясий декларациясына берилгендигин ырастап, социалдык саясаттын үч түркүгүн – жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк – улуттук өнүгүү стратегиясынын негизи экенин баса белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы мамлекеттик саясаттын борборуна адам капиталына – билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык коргоого инвестиция салууну коёрун белгиледи.

Ал президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан жан башына эсептегенде ИДП көрсөткүчүн дээрлик үч эсеге көбөйткөнүн, ал 2025-жылдын аягына карата болжол менен 3000 АКШ долларына жетерин баса белгиледи. Бул туруктуу экономикалык өсүштүн жана жарандардын реалдуу кирешелеринин жогорулашынын аркасында мүмкүн болду.

Саммиттин алкагында Эдил Байсалов БУУнун башкы катчысынын орун басары Ли Жунхуа, ЮНИСЕФтин аткаруучу директорунун орун басары Омар Абди, БУУӨП администраторунун жардамчысы И. Живкович, Мозамбик премьер-министри М.Леви, Иран президентинин социалдык өнүгүү боюнча кеңешчиси Али Рабии, Бразилиянын социалдык өнүгүү жана ачкачылыкка каршы күрөшүү министри В.Диас, Катар мамлекетинин тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Марьям бинт Али бин Насер Аль Миснад жана Катар өнүктүрүү фондунун башкы директору Фахад аль-Сулаити менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо, экология жана социалдык саясат тармактарында кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Эдил Байсалов эл аралык өнөктөштөргө улуттук реформаларды колдогону жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Саммиттин алкагында Кыргызстан "Адам капиталына инвестиция: Кыргызстандагы программалар жана ийгиликтүү тажрыйбалар" деген темада кошумча иш-чара уюштурду, анын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарында ишке ашырылып жаткан реформалардын негизги багыттары, ошондой эле адам капиталын мындан ары өнүктүрүү пландары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Черногориянын президенти Яков Милатович менен биргелешип "Социалдык өнүгүүнүн үч түркүгүн бекемдөө: жакырчылыкты жоюу, толук жана өндүрүмдүү иш менен камсыз кылуу, бардыгы үчүн татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк" деген темада тегерек столдо тең төрагалык кылып, Кыргызстандын социалдык адилеттүүлүктү жана тең мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү боюнча көз карашын билдирди.