Дохада Кыргызстан менен Катардын туристтик байланыштарын чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 06 Март 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Күн мурун Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Туризм секторунун башчысы Саад бин Али Аль-Харжи менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2014-жылы Кыргызстан менен Катардын ортосунда туристтик чөйрөдө кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында туристтик байланыштарды чыңдоонун жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн туристтик компанияларынын катышуусунда өз ара туристтик иш-чараларды уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген маселелерди мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашты.