Дохада кыргыз-гана мамилелерин чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 28 Февраль 2025 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Гана Республикасынын Катардагы элчиси Мухаммад Нуридин Исмаил менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Нуралиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан акыркы саясий жана экономикалык реформалар, Борбор Азия аймагындагы учурдагы абал боюнча маалымат берди.

Ошону менен бирге эл аралык уюмдардагы шайлоонун алкагында эки өлкөнүн талапкерлигин өз ара колдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-гана мамилелерин чыңдоо максатында эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын түзүү боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашты.