Акыркы жылдары дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өсүп, тарыхый жогорку чекке жакындады. Быйылкы жылдын январь айында алтындын бир унциясы 5 миң доллардан ашкан. Trading Economics сайтынын маалыматы боюнча, соңку айларда баа туруксуз болуп, учурда бир унция үчүн 4 миң 550 доллардын тегерегинде соодаланууда.

Улуттук банктын сайтындагы бүгүнкү күнгө карата маалыматка ылайык, өлчөнгөн алтын куймалардын 1 граммынын сатып алуу баасы 14 092,50 сомду, ал эми сатуу баасы 14 836 сомду түзөт.
Аналитиктер акыркы жылдары алтындын баасынын жогорулашын геосаясий чыңалуу, инфляциялык коркунучтар жана инвесторлордун коопсуз активдерге өтүшү менен түшүндүрүшүүдө.
Алтындын соңку жылдардагы баасынын өсүшү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана чоң экономикалык мүмкүнчүлүк экендигин эксперт Тимур Саралаев "Кабар" агенттигине билдирди.

“Алтындын соңку жылдардагы баасынын өсүшү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана чоң экономикалык мүмкүнчүлүк болуп калды десем жаңылышпайм. Себеби, биздин өлкөдө тоо-кен тармагы, өзгөчө алтын өндүрүү экономикадагы маанилүү багыттардын бири болуп эсептелет.
Биринчи кезекте, алтындын баасынын өсүшү мамлекетке түшкөн салыктарды, дивиденддерди жана валюталык кирешелерди көбөйтөт. Бул бюджеттин мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жол, энергетика, социалдык объектилер жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу багыттарга көбүрөк каражат бөлүүгө шарт түзөт.
Андан тышкары, алтындын кымбатташы инвестициялык кызыгууну да күчөтөт. Мисалы, мурда экономикалык жактан анча пайдалуу эмес деп эсептелген айрым кендерди иштетүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп жатат. Бул жаңы жумуш орундарын түзүп, тоолуу жана алыскы аймактардагы экономикалык активдүүлүктү жандандырат. Тоо-кен тармагынын айланасында транспорт, тейлөө көрсөтүү, чакан ишкердик сыяктуу кошумча тармактар да өнүгүп мультипликативдик эффект берет”, - деди Саралаев.

Ошол эле учурда эксперт бул маселеге “алтын кымбаттады демек, баары жакшы болот” деген көз караш менен кароого болбой тургандыгын белгиледи.
“Дүйнөлүк рынок өзгөрүп турат. Бүгүнкү алтынга болгон баа түбөлүк сакталбайт. Ошондуктан азыркы мүмкүнчүлүктү бийлик туура пайдаланып, түшкөн каражаттарды өндүрүшкө, энергетикага, билим берүү жана инфраструктурага багыттап жатканы стратегиялык жактан өтө маанилүү жана туура кадамдар.
Учурда дүйнөдө геосаясий жана экономикалык туруксуздук күчөп турган шартта алтын көп өлкөлөр үчүн коопсуз актив катары каралууда. Мындай шартта, алтынга болгон суроо-талап өсүп жатат. Бул Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бирок, эң негизгиси ошол мүмкүнчүлүктү убактылуу киреше катары эмес, өлкөнүн келечегине иштей турган ресурс катары пайдалана билүү туура”, - деди эксперт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан 16,1 тонна алтын экспорттоп, андан 1,26 млрд доллар киреше тапкан. Бул киреше мурунку жылга салыштырмалуу 30%га көп болгон. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан 6,2 тонна алтын экспорттоп, андан 682,8 млн доллар киреше тапкан. Мында алтын өлкөнүн жалпы экспортунун болжол менен 24%ын түзгөн.
Дүйнөлүк банк маалымдагандай, Кыргызстандын экономикасында алтын экспорту маанилүү. Ал экспорттук кирешени жана мамлекеттик бюджетти толтурууда негизги булактардын бири болуп эсептелет.
Алтындын баасынын өсүшү:
- мамлекеттик кирешени көбөйтөт;
- инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого жардам берет;
- жумуш орундарын сактоого өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, "Кумтөр Голд Компани" өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткыч күчүнүн бири бойдон калууда. Компаниянын маалыматына ылайык, 2024-жылы "Кумтөрдүн" алтын сатуудан түшкөн кирешеси 989 млн доллардан ашкан. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгында компаниянын кирешеси 124 млрд сомдон ашканы кабарланган.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтын” ААКнын кирешеси 20,7 млрд сомду түзүп, таза пайдасы 18,7 млрд сомго жеткен. 2024-жылга салыштырмалуу пайда 9%га өскөнү белгиленип, бул компания үчүн кезектеги рекорддук көрсөткүч болгон.
Ошол эле учурда эксперттер Кыргызстан алтынга өтө көз каранды болуп калбашы керектигин эскертишет. Анткени, дүйнөлүк рыноктогу баалар кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын өсүшү Кыргызстан үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүп, инвестиция тартууга жана аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бирок, өлкө алтынга гана көз каранды болбой, азыркы кирешелерди өндүрүштү, энергетиканы жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттоосу узак мөөнөттүү туруктуу өсүш үчүн маанилүү болмокчу.