Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төккөн курулуш компанияларына 5 млн 566 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Тамчы айылындагы бир катар курулуш объекттерине пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Анда экологиялык мыйзамдардын талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, административдик айыптар да салынды.
Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу, мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткаруу жана уруксат берүүчү документтерди толук тариздөө боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Маалымат үчүн: (компенсациялык төлөмдөр)
- “Авангард Резорт” ЖЧКсы — 1 925 237 сом;
- “КыргызИнвестСтрой” ЖЧКсы — 1 929 562 сом;
- “Елизавета” ЖЧКсы — 1 711 791 сом.