КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери жана блогерлери Бишкекте билим алат

Коом Загрузка... 19 Май 2026 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Бишкек шаарында “Келечек жаштары: санариптик технологиялар жана креативдүү индустриялар” аттуу медиа-мектептин биринчи этабы өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнөн келген журналисттер, блогерлер жана медиа тармагынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маалым болду.

Уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова белгилегендей, медиа-мектеп буга чейин негизинен Россиянын Сочи шаарында өткөрүлүп келген.

WhatsApp Image 2026-05-19 at 10.51.50.jpeg

“Бүгүн медиа-мектеп өз ишин баштап жатат. Мурда бул иш-чара көбүнчө Сочиде уюштурулчу. Бул жолу Кыргызстан медиа өкүлдөрдү жана спикерлерди кабыл алууда. Долбоорго 100дөн ашык адам катышууда. Катышуучулар теориялык билим алып гана тим болбостон, практикалык тапшырмаларды аткарып, өлкө менен да таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар үчүн абдан жыш жана кызыктуу программа даярдалган”, - деди ал.
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.36.23.jpeg

Медиа-мектепти Түндүк-Түштүк саясий изилдөөлөр борбору жана Assol коомдук фонду КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен уюштурууда.