Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземинде Кыргызстандын касиеттүү булактарынан чогултулган суу көөкөргө бириктирилип, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кабыл ала турган Татарстан Республикасынын өкүлүнө салтанаттуу тапшырылат. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземинин жүрүшүндө маалымдалды.
Белгилей кетсек, суу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыйык символу болуп саналат. Ала-Тоонун мөңгүлөрүнөн алынган тунук суу башталыштын, кыймылдын, тазалыктын жана жашоонун символу катары каралат.
VI оюндардын алкагында “Биримдик кербени” долбоорунун негизинде Кыргызстандын аймактарындагы ыйык булактардан суу чогултулуп, көөкөрлөргө куюлган. Ошондой эле оюндарга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү өздөрү менен суу алып келишкен. Ачылыш аземинде бул суулар бир идишке бириктирилип, элдердин биримдигин жана өз ара урмат-сыйын даңазалаган.
Ал эми жабылыш аземиндеги сууну кийинки оюндарды кабыл алган өлкөгө өткөрүп берүү салты Көчмөндөр оюндарынын уланышын жана муундан муунга өтүүчү маданий мурас экенин белгилейт.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өттү. VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстандын Казань шаарында өтмөкчү.