Көчмөндөр оюндарына 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышты

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 16:05
Көчмөндөр оюндарына 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышты
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы оюндар Кыргызстандын демилгеси менен кайрадан өлкөдө өткөрүлүп, мелдештер спорттун 42 түрү боюнча уюштурулду.

“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык Казакстанда өткөн 2024-жылдагы оюндар аяктагандан кийин дароо башталган. 2024-жылдын 31-декабрында тиешелүү министрликтерди жана мамлекеттик органдарды камтыган уюштуруу комитети түзүлүп, даярдыктын активдүү этабы башталган.
Каржылык, уюштуруучулук, спорттук, маданий жана илимий программалар 2025-жылдын июнь айында дипломатиялык каналдар аркылуу 100дөн ашуун өлкөгө жөнөтүлгөн.
Ачылыш аземиндеги катышуучу өлкөлөрдүн парадына 106 мамлекет катышса, кийинчерээк келген делегацияларды кошкондо оюндарга катышкан өлкөлөрдүн жалпы саны 109га жеткен.
Ошондой эле быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын географиясы кеңейди. Анын ичинде Афганистан, Кабо-Верде, Алжир, Барбадос, Бруней, Иордания, Либерия, Ливан, Мальта, Нигерия, Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Бутан жана Хорватия сыяктуу өлкөлөр жаңы катышуучулардын катарына кошулган.
Айрым өлкөлөр мурда аз сандагы спортчулар менен катышса, быйыл курамын кыйла көбөйттү. Мисалы, Грузиядан 60тан ашуун катышуучу келди. Ошондой эле Румыния, Бразилия, Улуу Британия, Франция, Испания, Малайзия жана Сьерра-Леоне бир нече спорт түрү боюнча көп сандагы катышуучуларын алып келишти”, — деди Белек Үсөнбеков.

Маалыматка ылайык, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Россиянын Татарстан Республикасында өтөт. Буга байланыштуу Эл аралык катчылык менен Россиянын Спорт министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы өткөрүлүүдө.