Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң чоң A23a айсберги Британ аралынын Түштүк Джорджия аймагына жакындап, 90 чакырым алыстыкта турат. Бул тууралуу РИА Новости Арктика жана Антарктика изилдөө институтунуна таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, айсберг саатына орточо 0,8 чакырым ылдамдыкта түндүктү көздөй Шотландия деңизине агып бара жатат. Соңку 10 күндүн ичинде айсберг 200 чакырым аралыкты басып өткөн.
Окумуштуулардын айтымында, айсберг аралды батыш тараптан айланып өтүүгө мүмкүндүк бере турган жергиликтүү агымдардын таасири менен жылып бара жатат. Бирок, азыр ал аймакта Батыштын шамалы менен күчтүү циклон болуп, айсберг аралдын жээгине жакындоодо.
Маалымат үчүн: Планетанын эң чоң айсберги А23а, көлөмү Петербургдан дээрлик эки эсе чоң. 1986-жылы сентябрда Филчнер муз текчесинин сырткы четинен үзүлүп кеткен. 30 жылдан ашык убакыттан бери ал борбордук Уедделл деңизинде камалып турган. 2023-жылдын ноябрынын орто ченинде ал жанданып кайра кыймылдай баштаган.