Дүйнө Кырчынды карап турат: Глобалдык медианын Көчмөндөр оюндарына берген баасы

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 10:00
Дүйнө Кырчынды карап турат: Глобалдык медианын Көчмөндөр оюндарына берген баасы

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Эл аралык маалымат каражаттарынын спорттук жана маданий күн тартибин Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ээледи. Ысык-Көлдөгү эбегейсиз кеңири масштабдагы спорттук жана маданий саамалыкты чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 100 чакты өлкөсүнөн миңден ашык журналист, блогер жана медиа өнөктөштөр келишти. Эл аралык басылмалардын маалыматтарын талдап келгенде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары максатына жетти десе болот. Бул арада Кыргыз улуттук “Кабар” агенттиги оюндарды кыргыз, орус, араб, түрк жана кытай тилинде чагылдырып, кеңири аудиторияны ыкчам жана көп тилдүү маалымат менен камсыздап жатат.

Көчмөндөр оюндары чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн ачылыш аземдеги алгачкы мүнөттөрүндө эле толугу менен өзүнө бура алды. Анткени “Бишкек Аренанын” төрүндө дүйнөнүн таасирдүү лидерлери баштаган президенттердин жоон тобу отурду. Эл аралык басылмалар оюндардын башталышы ШКУнун саммити менен дал келгенин белгилеп, бул учурду чоң саясат менен маданий мазмундун айкалышуусу деп баалашты.

“ШКУ саммитине Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Россиянын президенти Владимир Путин жана башка мамлекет башчылары катышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлдеги эл аралык аудиторияны өзүнө тартуусун камсыздашты.

Көп учурда "Көчмөндөр Олимпиадасы" деп аталган оюндар алгач 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн. Ошондон бери Бириккен Улуттар Уюму аларды маданияттар аралык диалог жана туруктуу өнүгүүнү талкуулоо үчүн аянтча катары тааныган”, - деп жазды Евроньюс.

Эл аралык басма сөз ачылыш аземиндеги 3000 аткаруучу жана 300 атчан катышкан театрлаштырылган шоуну, атайын эффекттерди, укмуштуудай фейерверкти жана дүйнөлүк поп жылдыз Николь Шерзингердин сахнага чыгышын шыктануу менен сүрөттөп беришти. Жаңы салынган “Бишкек Арена” да көз жаздымда калган жок.

“Кыргызстандын борборунда орун алган "Бишкек Аренадагы" укмуштуудай шоу стадиондун ичинде 29 000ден ашык көрүүчүнү жана борбор калаадагы күйөрман зоналарында дагы 30 000 көрүүчүнү чогултту”, - деп жазды казакстандык Zakon басылмасы.

Reuters, Associated Press, Euronews баштаган ири маалымат агенттиктери жана башка жүздөгөн журналисттер окуя болгон жерден кызыктуу репортаждарды жарыялап жатышат. Ушул күндөрү биздин өлкө бүт дүйнөнүн оозунан түшпөй сөз болуп жатканын медиа эксперт Азамат Тынай да “Кабар” агенттигине берген маегинде белгиледи. Ал ушунча эмгектин акыбети сөзсүз кайтышы керек дейт.

“Ачыгын айталы, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фантастикалык ачылышына баарыбыз күбө болдук. Учурда кыргызстандык жана эл аралык журналисттердин жоон тобу менен Ысык-Көл жергесине келдик. Спорттук, маданий иш-чаралардан сырткары илимий жыйындар да болуп жатат. Ошолордун баары тууралуу маалымат берип турабыз. Айтарым, башы абдан жакшы башталды. Эми ушунча эмгек жыйынтыктарын бериши керек. Кыргызстан ушул күндөрү бүт дүйнөнүн оозунда болуп калды. ШКУнун арты менен Кыргызстан миллиарддаган инвестицияларды тартууга жакшы шарт түзүлдү. Ал эми Көчмөндөр оюндарынын аркасы менен миңдеген туристтер келишти. Бул Кыргызстанга атак-даңк эле эмес кол менен кармала турган, эсептей ала турган пайданы алып келүүдө”, - деди медиа эксперт Азамат Тынай.

Чет элдик пресса оюндардын географиясынын рекорддук кеңейишин белгилеп жатышат. Долбоорго Улуу Британия, АКШ, Австралия, Африка жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн тайпаларынын катышуусу Көчмөндөр оюндарынын БУУ тарабынан маданияттар аралык диалог үчүн маанилүү глобалдык платформа катары таанылганын далилдеди. Саамалык туурасында Түштүк Кореянын маалымат каражаттары да жазып жатканын Сеул шаардык кеңешинин депутаты, биздин жердешибиз Айсулуу Аширалиева “Кабар” агенттигине билдирди.

“Быйылкы Көчмөндөр оюндарына Корея делегациясын расмий түрдө уюштуруп, өзүм башында туруп алып келдим. 31-августта салтанаттуу парадга катышып, акыркы эки күндөн бери Кырчын жайлоосунда ордо, аркан тартыш, күрөш жана жаа атуу боюнча мелдештерге кызуу катышып жатабыз. Көчмөндөр оюндарына катышуу биз үчүн чоң тажрыйба жана өзгөчө маанай тартуулап жатат. Эң негизгиси — кореялык спортчуларыбыз Кыргызстандын жаратылышына, Кырчындын керемет кооздугуна жана кыргыз элинин меймандостугуна абдан суктанып жатышат. Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана салт-санаасын дүйнөгө тааныткан мындай чоң иш-чарага салым кошуп, Корея менен Кыргызстандын ортосундагы достук байланыштарды дагы да бекемдөөгө себепчи болуп жатканыма абдан кубанычтамын”, - деди Айсулуу Аширалиева.

Белгилей кетели, “Кабар” маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилде чагылдырууда. Учурда оюн туурасында маалыматтар кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде таратылып жатат. Агенттиктин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери Айзада Ажималиева Көчмөндөр оюндарын чагылдырып жаткан чет элдик прессадагы маалыматтардын өзгөчөлүгүнө көңүл бурду.

“Чет элдик маалымат каражаттар биздин оюндарды экзотикалык, табигый жана бүйүрдү кызытуучу катары кабыл алышат. Анын үстүнө Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын ондогон маданияттарын бир жерге топтоп, эбегейсиз чоң мейкиндикти уюштуруп берди. Англис тилдүү журналисттер үчүн этноспорттун эрежелери жана мүнөзү өзгөчө кызыгууну жаратууда. Алар алыш, күрөш, ордо, жаа атуу сымал оюндар туурасында өз көрүүчүлөрүнө абдан кызыктуу айтып берип жатышат. Өзгөчө көк-бөрүнү экстремалдык спорт катары сыпатташып, АКШдан келген америкалык ковбойлордун көк бөрүгө катышып жатканы чет элдик маалымат каражаттарына абдан жакты.

Ачылыш аземди суктануу менен абдан позитивдүү чагылдырышып, Көчмөндөр оюндарын "Көчмөндөрдүн Олимпиадасы" деп атагандар да болду. Уюштуруу деңгээли кадимки Олимпиада оюнд арынан кем калышпаганы өзгөчө суктанууну жаратты деп ойлойм. Натыйжада, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы жогорулоодо, бул сөзсүз ар тараптуу эффект берет”, - деди Айзада Ажималиева.

Демек VIДүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн эле шаан-шөкөт той эмес, Кыргызстан көрсөтүп жаткан дымактын символикалык белгиси. Оюндарга четтен келген бийлик өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, эл аралык уюмдар жана туристтер Кыргызстандын абалына, инвестициялык, ишкердик потенциалына да баам салып жүрүшөт. Бул жагынан алганда Кыргызстандын уучу куру эмес. Буга акыркы жылдары ыкчамдык менен жүрүп жаткан реформалар, курулуштар жана инвестициялык долбоорлор далил.