Дипакадемияга жаңы ректор дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 31 Декабрь 2025 13:42
60ab51da-175d-3914-98ba-ef20934e911f.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияга Руслан Рахимов ректор болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүн министр Жээнбек Кулубаев Дипломатиялык академиянын жамаатына жаңы ректорду тааныштырды.

Анда жаңы жетекчи илимий-изилдөө тармагында чоң тажрыйбага, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө олуттуу кесиптик стажга ээ экени белгиленди. Атап айтканда, ал буга чейин Борбордук Азиядагы Америка университетинде окутуучулук жана административдик ишмердүүлүктү жүргүзгөн, ошондой эле Улуттук илимдер академиясында иштеп, чет өлкөлүк академиялык жана изилдөө мекемелери менен кызматташкан.

Министр академияны дипломатиялык кадрларды даярдоо тутумундагы негизги институт катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Руслан Рахимовдун кесиптик жана эл аралык тажрыйбасы окуу жайдын билим берүү жана илимий потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев академиянын жаңы жетекчисине жана жамаатына кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, дипломатиялык кызматтын өнүгүшү жана кадрдык потенциалын чыңдоо жолунда жемиштүү эмгек каалады.