Соңку жылдары Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө экология маселеси курч бойдон калууда. Анын ичинен эң олуттуулардын бири - таштанды көйгөйү.
Экология көйгөйүн чечүү - ар бир жарандын милдети. Бул маселени чечүүдө жарандык жоопкерчилик эң башкы ролду ойнойт. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар эс алуу же сейилдөө учурунда жеген-ичкенден калган калдыктарды ошол эле жерге таштап кете беришет. Айрымдары таштандыны атайын челекке салгандан ээринишет. Мындай кайдыгер мамиле жаратылыштын булганышына гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө да түздөн-түз таасир этүүдө. Мындан тышкары, эскертүүлөргө карабай, кээ бир тургундар жалбырак, таштанды сыяктуу калдыктарды өрттөп, айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатышат. Бул албетте, ден соолукка зыяндуу заттарды бөлүп чыгарып, абанын сапатын начарлатууда.
Учурда бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет тарабынан мыйзамдык жана практикалык чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар, активисттер жана коомдук уюмдар да өз салымын кошуп, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган акциялар, тренингдер жана маалыматтык кампанияларды өткөрүп жатышат.

Эксперттердин пикиринде, климаттык жана экологиялык көйгөйлөрдү жарандарга түшүндүрүүдө диний кызматкерлердин катышуусу абдан маанилүү.
“MoveGreen” экологиялык уюмунун жетекчиси Азат Мурадылдын айтымында, себеби, диний ишеним эл арасында чоң таасирге ээ болгондуктан, алардын үнү адамдардын жүрүм-турумуна оң таасир тийгизиши мүмкүн. Бул ыкма айрыкча аймактарда, салт-санаа бекем сакталып келген жерлерде өзгөчө натыйжалуу болот. Ал үчүн учурда атайын долбоор иштелип чыкты.

“Аталган долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Бул биздин биргелешип ишке ашырып жаткан алгачкы долбоор. Долбоордун алкагында айлана-чөйрөнү коргоо, адамдын жерге болгон жоопкерчилиги жана табият менен гармонияда жашоо темалары боюнча диний окуулар каралган. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде диний лидерлер үчүн климаттык маселелерди чагылдыруу жана туура түшүндүрүү боюнча окутуу модулдары иштелип чыкты. Бул модулдар диний насааттарда гана эмес, социалдык медиа платформаларында да колдонулат. Долбоордун максаты - айлана-чөйрөгө кам көрүү идеяларын жайылтуу жана диний коомчулуктун арасында туруктуу экологиялык жүрүм-турумду өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Долбоордун алкагында биз мечиттердин имамдарын, медреселердеги мугалимдерди жана диний окуу жайлардын агартуучуларын камтыган 60ка жакын диний кызматкерди окутабыз. Бул кызматкерлерге берилген билимди алар өз кесиптештерине жана жарандарга жеткирип, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууга салым кошушат. Алардын климаттык өзгөрүүлөр боюнча маалымдуулугун арттыруу үчүн биз атайын окутуучу китептерди, материалдарды жана керектүү жабдууларды беребиз.
Мындан сырткары, белгилүү имамдардын социалдык тармактардагы баракчаларынын катталуучулары көп болгондуктан, ошол платформалар аркылуу да маалымат жеткирүү мүмкүнчүлүгү кең. Бул багытта биз имамдар менен биргеликте атайын видео маалыматтарды, подкасттарды, маектерди жана кызыктуу берүүлөрдү даярдайбыз. Максатыбыз - кеңири аудиторияга, өзгөчө жаштарга экология темасын жөнөкөй жана жеткиликтүү формада түшүндүрүү”,-дейт Азат Мурадыл.

Муну менен катар диний кызматкерлер арасында изилдөө жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Изилдөөнүн жыйынтыгында диний кызматкерлердин 94,7%ы айлана-чөйрөгө кам көрүүнү диний жана адеп-ахлактык милдет катары кабыл алышары аныкталган. Изилдөө диний мекемелер климаттык билимди жайылтуу багытында мамлекет жана бейөкмөт уюмдар үчүн ишенимдүү жана күчтүү өнөктөш боло аларын алгачкы жолу ачык көрсөткөн.
“Имамдар менен медреселер коомдо терең ишенимге, зор таасирге жана адеп-ахлактык бийликке ээ. Алардын ишенимге негизделген кайрылуулары көп учурда расмий административдик көрсөтмөлөргө караганда элге тереңирээк жана ишенимдүү кабыл алынат. Ал эми 86,8 пайызы айлана-чөйрөнүн азыркы абалы боюнча тынчсызданаарын билдиришкен. 98 пайыз диний кызматкер экология жана климат боюнча билим алууга, окууларга катышууга даяр экенин айтышкан. Сурамжылоого катышкандардын 64,6%ы экологиялык көйгөйлөрдүн башкы себебин адамдардын жаратылышка болгон жоопкерчиликсиз мамилесинен көрүшөт. Ал эми 32,1%ы бул көйгөйдү диний жана адеп-ахлактык жоопкерчиликтин жоголушу менен байланыштырган”,-деп белгиледи ал.

Өз кезегинде президентке караштуу караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин экспертизалар жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов климаттын өзгөрүшү айрыкча тоолуу жана экологиялык жактан аялуу Кыргызстан үчүн XXI кылымдын эң олуттуу көйгөйлөрүнүн бири экендигин айтат.
“Суунун жетишсиздиги, жер кыртышынын бузулушу, табигый кырсыктардын санынын өсүшү жана абанын булганышы мунун баары жарандардын климаттык сабаттуулугун жана экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга системалуу мамилени талап кылат. Бул багытта маалыматтуулукту арттыруунун эң натыйжалуу жолдорунун бири коомдук аң-сезимге олуттуу таасир тийгизе алган, кадыр-барктуу диний лидерлерди тартуу. Өлкө калкынын көпчүлүгүнүн руханий пайдубалы болгон ислам дининде экологияны коргоого багытталган ачык жана так принциптер бар. Куранда жана Мухаммед пайгамбардын хадистеринде тазалыкты сактоо жана жерге кам көрүү ишенимдин ажырагыс бөлүгү экени, жаратылышты сактоо болсо Аллахка ыраазычылык билдирүүнүн бир формасы экени баса белгиленет.

Диний мекемелер, мечиттер жана медреселер аркылуу климаттык билим берүүнү жайылтуу - климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө руханий жана илимий ыкмаларды айкалыштыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Имамдарды жана мугалимдерди атайын окутуу, экологиялык модулдарды медреселердин окуу программаларына киргизүү, насааттар жана коомдук иш-чаралар аркылуу жарандар менен байланыш түзүү булардын баары экологиялык жоопкерчилик маданиятын калыптандырууга жана жарандардын активдүү катышуусун камсыздоого өбөлгө болот.

Диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери климаттык саясатты элге жакындатууга, туруктуу, маалымдуулугу жогору жана жоопкерчиликтүү жарандык коомду түзүүгө шарт түзөт. Бул багытта жаратылышка кам көрүү экологиялык гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык милдет катары кабыл алынышы керек”,-деди ал.