Дин жана этностор аралык ынтымак — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты

Коом Загрузка... 05 Февраль 2026 18:20
DOS_0368.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер маселеси өзгөчө салмактуу, жоопкерчиликтүү жана кылдат мамилени талап кылат. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров жакында эле Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, тиешелүү жарлык менен комиссия кайра түзүлүп, мамлекеттик комиссиядан улуттук агенттик деңгээлине көтөрүлдү. Маалымдалгандай, бул агенттиктин ыйгарым укуктарын жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин негизги ишмердүүлүк багыттары укуктук камсыздоо, маалыматтык жана түшүндүрүү иштери, ажылык иштер жана этностор аралык мамилелер. Алсак, аталган агенттик калктын укуктук жана диний сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдук аң-сезимге жана туруктуулукка терс таасир тийгизүү коркунучун жараткан айрым диний агымдардын, салттуу жана жарандык баалуулуктардын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүү багытында бир топ иштерди аткарууда.

Укуктук камсыздоо боюнча өткөн жылдын 1-февралында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам күчүнө кирип, андан бери 60тан ашык миссионер жана 70тен ашык диний объект эсептик каттоодон, ошондой эле 700дөн ашык диний объект эсептик кайра каттоодон өткөрүлгөн. Бул тууралуу президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Ал эми агенттиктин кызматкерлери тарабынан акыркы бир жыл ичинде бардыгы болуп 2 миңден ашык түшүндүрүү – алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн.

“Анын ичинде жаштар арасында экстремизм жана радикализмди алдын алуу боюнча программа ишке ашырылып, өлкөдөгү 18 район жана 5 шаардагы этностор аралык маселелер боюнча коомдук кабылдамалар тарабынан этностор аралык жана диний чыр-чатактарды алдын алуу боюнча 1 миң 270 профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Деструктивдүү идеологияларды алдын алуу жана салттуу исламды бекемдөө максатында Кыргызстан мусулмандарынын курултайы уюштурулуп, Аалымдар кеңешинин жаңы курамы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставы бекитилип, ошондой эле Ханафий мазхабынын Матуридий акыйдасы боюнча китептердин базасы түзүлдү”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Чүй облусунун Токмок шаарында ачылган Ислам академиясы менен биргеликте 35 диний кызматкердин дараметин жогорулатуу боюнча окутуулар өтүп, “Радикализмден кантип коргонобуз” аталган атайын жарандар үчүн нускама иштелип чыгып, бардык облустарда жалпы 2 миңден ашык жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми Кыргызстандын жарандарына ажылык үчүн берилүүчү квотаны 7 миңге чейин көбөйтүү максатында Сауд Араб Падышалыгынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөр жүргөн.

Этностор аралык мамилелер боюнча Бишкек шаарында “Кыргыз жараны – Уңгу жол: жарандык биримдик жана улуттук баалуулуктар жолундагы 5 жыл” аталышында форум болуп өткөн. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, бул иш-чара “Кыргыз жараны” концепциясынын алкагында жарандык иденттүүлүктү чыңдоонун, этностор аралык жана диний ынтымакты бекемдөөнүн, коомдук туруктуулукту камсыздоонун маанилүү демилгесинин 5 жылдык ишке ашыруу жыйынтыктарын талкуулоонун, жарандык биримдикти жана улуттук баалуулуктарды чыңдоонун негизинде өткөрүлгөн.

Андан тышкары, өткөн жылы Ош, Өзгөн шаарларында социалдык биримдикти чыңдоого, медиа сабаттуулукту жогорулатууга, социалдык медиа тармактарында туура баарлашуу көндүмдөрүн бекемдөөгө жана кастык тилинин жайылышын азайтууга багытталган бир катар окутуу-тренингдер өткөрүлгөн. Бул иш-чаралардын максаты элдин биримдигин бекемдөө, этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү экендиги белгиленди.

Эскерте кетсек, президенттин колдоосу менен өлкө тарыхында биринчи жолу имамдарга системалуу айлык акы төлөнө баштады. Учурда 3 миң 904 имам айына 8 миң сомдон айлык алып жатканын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлү маалымдады. Мындан сырткары, умра процесстерин тартипке келтирүүдөн жана коррупциялык схемаларды жоюудан түшкөн каражаттардын эсебинен төлөмдөрдүн өлчөмүн 20 миң сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканы кошумчаланды.

Алгач 1996-жылдын 4-мартында өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болуп түзүлгөн азыркы агенттиктин 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Буга байланыштуу агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков мамлекет башчысынан эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү. Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирүү менен бирге диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле төрагага Улуттук агенттиктин тутумдуу жана ачык-айкын ишин камсыз кылуу, дин аралык жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө, биримдикти жана адилеттүүлүк принциптерин илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди.