Беларусь өкмөт башчысы Бишкектеги таштанды заводунун иши менен таанышты

Коом 05 Июнь 2026 10:00
1.jpg
2.jpg
710265523_1475929531249563_6414543003337401426_n.jpg
711775032_1475930651249451_8644911499164430807_n.jpg
712196803_1475929591249557_4224631602002723439_n.jpg
715158059_1475930614582788_7729112589002864439_n.jpg
715397265_1475929487916234_3763491474046522534_n.jpg
715426273_1475930657916117_5727651834729732573_n.jpg
716432253_1475929584582891_841269852971614768_n.jpg
716471825_1475929427916240_8080590102037635253_n.jpg
717067141_1475929467916236_2395527369593899662_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Беларусь премьер-министри Александр Турчин расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонуна жана жаңы курулуп жаткан эко-технологиялык заводго барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев конокко 2025-жылдын декабрында ачылган таштанды сорттоочу линияны жана Фере көчөсүндөгү кайра иштетүүчү ишкананы тааныштырды. Бул объекттердин технологиялык жабдууларын Беларустун "Сифания - Экотехника" компаниясы жеткирген.

Александр Турчин Бишкекте калдыктарды кайра иштетүү боюнча натыйжалуу туюк цикл түзүлгөнүн жогору баалады.

Ошондой эле делегация таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу менен таанышты.

Белгиленгендей, долбоор толук ишке киргенде күнүнө 3 миң тоннага чейин катуу калдыктарды кайра иштетип, саатына 90 МВтга чейин электр энергиясын өндүрөт. Ошондой эле Борбор Азиядагы эң ири ушундай типтеги экологиялык долбоор болуп калат.

Иш сапардын жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиев бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө чоң салым кошоорун белгиледи.