Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды

Маданият 2040 22 Июль 2025 23:40
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.28.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.29.37.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.28.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.29.37.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 22.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен дүйнө жүзүнө таанымал казакстандык ырчы Динмухаммед (Димаш) Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамы ыйгарылды.

Сыйлык Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн “Мейкин Азия” эл аралык фестивалынын жабылыш аземинде тапшырылды.

Өз кезегинде ырчы бул жогорку сыйлык үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, кыргыз элине жылуу сөздөрүн айтты.

Белгилей кетсек, сыйлык боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди.