Депутаттар: Майып балдары барлар жеңилдетилген ипотека ала албай жатышат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Май 2025 16:42
WhatsApp Image 2025-05-26 at 16.39.57.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери расмий каралган жеңилдиктерге карабастан ипотекалык турак жай алууга кезекке тура алышпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзамда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жалпы кезексиз ипотека алууга мүмкүндүк берүүчү шарт бар, бирок иш жүзүндө механизм иштебейт.

"Ата-энелер мамлекеттик ипотекалык компанияга барганда, аларга кезекке турууга да уруксат берилбейт. Бул белгиленген социалдык кепилдиктерди түздөн - түз бузуу болуп саналат", - деп баса белгиледи Сурабалдиева.

Депутат Айсулуу Мамашева ипотекалык батирлердин 10 пайызы дал ушул мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата - энелерине, калган 90 пайыз жарандардын башка категорияларына бөлүнүшү керектигин эскертти. Ошондой эле Мамашева батир алууга кезек жылбай, аталган категориядагы жарандар турак-жай албай жатат деп белгиледи.

Сурабалдиева Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) алгач коммерциялык түзүм катары эмес, социалдык багыттагы долбоор катары түзүлгөнүн баса белгиледи.

“Азыр бул бизнеске көбүрөөк окшош. Эгер сизде турак жайдын баасынын 50 пайызы болсо – ипотекага батир аласыз. Анда социалдык түзүм кайда?”- деди депутат.