Депутат Финансы министрлигинин кызматкерлерине Түркияга жолдомо белек кылды — Кабар

Депутат Финансы министрлигинин кызматкерлерине Түркияга жолдомо белек кылды

Коом 17 март 2025 18:18
157379327019d30a26.max-1920x1080.format-webp.webp
5386783395104810284.jpg
Алдыга
Артка
157379327019d30a26.max-1920x1080.format-webp.webp
5386783395104810284.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевге ведомствонун кызматкерлерине берген белеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, эмгек жамаатты шыктандыруу жана колдоонун алкагында эл өкүлү Түркияга эс алууга эки адамга ылайыкталган 50 сертификат тапшырган.

"Бул белек кызматкерлер үчүн маанилүү колдоо болот жана алардын кызматтык милдеттерин аткаруунун алкагында мындан аркы ишине, жаңы жетишкендиктерди багындырууга оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.