Денис Петрашов дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 04 Август 2025 10:00
527382693_771402805232939_2282070334362975872_n.jpg
527747495_771402798566273_2418809664077143425_n.jpg
528147398_771402761899610_1147101547887030580_n.jpg
528184868_771402831899603_260265240005880477_n.jpg
Алдыга
Артка
527382693_771402805232939_2282070334362975872_n.jpg
527747495_771402798566273_2418809664077143425_n.jpg
528147398_771402761899610_1147101547887030580_n.jpg
528184868_771402831899603_260265240005880477_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Бүгүн Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Эске салсак, Сингапурда өткөн чемпионатта кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метр брасс стилинде сүзүүдө мыкты жыйынтык көрсөтүп, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.

Айымкыз Айдаралиева 100 метр эркин сүзүү боюнча жарышка түшүп, анда жалпысынан 84 спортчу катышкан. 15 жаштагы кыргызстандык спортчу экинчи жарышта старт алып, 5-орунду ээлеп, 1 мүнөт 01,45 секунддук натыйжа көрсөтүп, 61-орунду ээлеген.