Дене тарбия жана спорт мамагенттигинин директоруна жаңы орун басар дайындалды

Министрлер кабинети 20 май 2025 17:39
499595179_18357405316196946_1416208054448321292_n.jpg
498276580_18357405286196946_2672768849375568357_n.jpg
498686286_18357405277196946_7619423707956751156_n.jpg
498718901_18357405325196946_3966921410418089833_n.jpg
499048197_18357405295196946_833594849294824928_n.jpg
500070808_18357405307196946_5683099127224397965_n.jpg
Алдыга
Артка
499595179_18357405316196946_1416208054448321292_n.jpg
498276580_18357405286196946_2672768849375568357_n.jpg
498686286_18357405277196946_7619423707956751156_n.jpg
498718901_18357405325196946_3966921410418089833_n.jpg
499048197_18357405295196946_833594849294824928_n.jpg
500070808_18357405307196946_5683099127224397965_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Кыдырбаев Улан Орозбекович Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаңы орун басары болуп дайындалды.

Агенттиктен билдиришкендей, бүгүн жаңы орун басарды эмгек жамаатына президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. Ал Улан Кыдырбаев дене тарбия жана спорт тармагында кеңири тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, массалык спортту колдоо жана кесиптик спортту илгерилетүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.

Жаңы дайындалган орун басар ишке толук киришүүгө даяр экенин билдирип, дене тарбия жана спорт тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну уланта тургандыгын айтты.

Кыдырбаев Улан Орозобековичтин эмгек тажрыйбасы:

  • 2006-2007-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясына караштуу дене тарбия жана спорт комитетинин жетектөөчү адиси:
  • 2007-2010-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясына караштуу дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы;
  • 2010-2015-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясынанын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетектөөчүсү;
  • 2015-2017-жылдары Чүй облусунун жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкармасынын башчысынын орун басары;
  • 2017-2025-жылдары Чүй облусунун дене тарбия жана спорт башкармасынын башчысы.