Дарыгерлерге кол көтөргөндөр жазасын алышы керек – министр

Коом Загрузка... 17 Июль 2025 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Күн мурун социалдык тармактарда Улуттук госпиталда дарыгерлерге белгисиз жарандын кол көтөргөн учуру тартылган видео тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда. Ал арада саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу дарыгерлерге карата мыйзамсыздык болуп жатканын, кол салган адам жазасын алышы керектигин билдирди. Ошондой эле министр мындай көрүнүштөр башкаларга жаман үлгү экенин, дарыгерлерди сабагандар жазасыз калып жатканын айтты.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 10.50.15.jpeg

“Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз. Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келишти, дарыгерлерге өткөрүп беришти, көчөдө отуруп жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине киришпейт”, - деди министр.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 10.53.15.jpeg

“Кабар” агенттиги Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышканда 16-июлда "102" кызматына Улуттук госпиталда медицина кызматкери менен бейтаптын ортосунда жаңжал болгону тууралуу билдирүү келип түшкөнүн тастыктады. Маалымат Биринчи май РИИБинде каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Чакыруу болгон жерге тергөө-ыкчам топ барган учурда окуяга катышкан бардык катышуучулардын жеринде өздүгү такталган.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 10.45.48 (1).jpeg

Райондук милициянын маалыматы боюнча, окуяга катышкан эки тарап тең укук коргоо органдарына арыз жазбоо чечимин кабыл алышып, чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин, катышуучулардын бири-бирине дооматтары жок экендигин билдиришкен.

Ошондой эле райондук милициядан жаңжал чыккан жерде чагылдырылган видеодо милиция кызматкери катышкан эместигин белгилешти.