Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Шейшеканов Данияр Турдубекович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Шейшеканов Данияр Турдубекович 1982-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында туулган. Улуту кыргыз. Билими жогорку.
Билими:
- 2004-жылы – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, юрист адистигин алган.
- 2008-жылы – Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, экономист-менеджер адистигине ээ болгон.
- 2024-жылы – Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны бүтүрүп, эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолу:
- 2006–2007-жылдары – Экономикалык иштер боюнча Бишкек райондор аралык сотунда сот отурумунун катчысы.
- 2007–2008-жылдары – Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикте адис, инспектор.
- 2008–2009-жылдары – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетте сектор башчысы.
- 2009–2010-жылдары – Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде адис, жетектөөчү адис, бөлүм башчысы.
- 2010–2011-жылдары – "Номенклатура" коомдук-саясий жана укуктук газетасынын башкы редактору.
- 2011-жылы – Кыргыз мамлекеттик университетинде юрист-консультант.
- 2011–2013-жылдары – Архитектура жана курулуш агенттигинде башкы адис-юрист, бөлүм башчысы, аппарат жетекчиси.
- 2013–2014-жылдары – өкмөттүн аппаратынын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүндө эксперт.
- 2014–2015-жылдары – Архитектура, курулуш жана ТКЧ мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
- 2015–2017-жылдары – өкмөттүн аппаратынын кен байлыктарды пайдалануу секторунун башчысы.
- 2017-жылы – өкмөт аппараты – Жогорку Кеңештеги өкмөттүн туруктуу өкүлүнүн орун басары.
- 2017–2019-жылдары – өкмөттүн аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу бөлүмүнүн орун басары.
- 2019-жылы – Стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери.
- 2019–2022-жылдары – "Сапат Инвест" ЖЧКсынын башкы директору.
- 2022–2023-жылдары – президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттешүү секторунун эксперти.
- 2023–2024-жылдары – Банктарды жоюу боюнча агенттикте президенттин администрациясынан директорлор кеңешинин мүчөсү (айкалыштыруу менен).
- 2023-жылдан азыркыга чейин – президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттешүү секторунун эксперти.