Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 28 Март 2025 16:18
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев иш сапарынын алкагында Түркиянын соода министри Омер Болат менен жолугушту.

Тараптар 2024-жылдын 5-ноябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Негизги маселе өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү болду. Бул зор максатка жетүү үчүн конкреттүү кадамдар жана иш-чаралар белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды. Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын (ӨАК) кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара инвестицияларды стимулдаштырууга жана соода байланыштарын тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.