Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзода башында турган делегация менен жолукту.
Тажик делегациясынын иш сапары эки мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, чек ара кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле инфраструктура жана энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Данияр Амангелдиев бул жолугушуу жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун уландысы экенин белгилеп, кыргыз-тажик мамилелери мындан ары да өнүгүп, чыңдаларына ишенимин билдирди.
“Кыргыз тарап мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана мамлекеттик органдар менен ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр”, - деди МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары.
Данияр Амангелдиев ошондой эле Кыргызстандын өз ара сооданын көлөмүн 500 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүүгө умтулуусун ырастады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергетика тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга жана энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Хоким Холикзода өз кезегинде Кыргызстандын масштабдуу реформаларды ишке ашырууда, атап айтканда, салыктык башкаруу, бажы кызматы жана санариптештирүү жаатындагы олуттуу ийгиликтерин белгиледи. Ал бул тажрыйбаны үйрөнүүнүн Тажикстанда натыйжалуу мамилелерди мындан ары ишке ашыруу үчүн практикалык зор мааниси бар экендигин белгиледи.
Иш сапардын алкагында тажик делегациясы Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун бир катар объектилерин кыдырып, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана санариптик трансформациялардын практикалык натыйжалары менен таанышат.
"Биз тажик тараптын санариптик экономикада реформаларды ишке ашыруу, анын ичинде электрондук өкмөттү өнүктүрүү, мамлекеттик каржыны башкарууну, салыктык башкарууну өркүндөтүү жана туризм тармагындагы Кыргызстандын тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун кубаттайбыз. Бул практикалык кызматташтыкты чыңдап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мындан аркы тажрыйба алмашуу үчүн жакшы негиз болуп берерине ишенем", - деп белгиледи Данияр Амангелдиев.
Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана экономикалык өнүгүү, аймактык интеграция жана эки мамлекеттин туруктуу келечегин камсыздоо максатында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө үмүт артышты.