Данияр Амангелдиев Татарстандын раисинин ант берүү аземине катышты

Министрлер кабинети 20 Сентябрь 2025 11:00
68cd6ba688b9d.jpeg
68cd6bac46a1c.jpeg
Алдыга
Артка
68cd6ba688b9d.jpeg
68cd6bac46a1c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстандын (Россия Федерациясы) раисинин кызматына кайрадан шайланган Рустам Миннихановдун ант берүү аземине катышты.

Ошондой эле кыска жолугушуу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Данияр Амангелдиева Рустам Миннихановду республиканын башчылыгына кайрадан шайланышы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун саламын жолдоду.