Данияр Амангелдиев Санкт-Петербургдун губернатору менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Июнь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербургдун Губернатору Александр Беглов менен жолукту.

Тараптардын жолугушуусу Данияр Амангелдиевдин Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында.

Сүйлөшүүлөр башталганга чейин Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумундагы Санкт-Петербург күркөсүнүн экспозициясы менен таанышты, анда шаардын негизги долбоорлору жана жетишкендиктери көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. 

Амангелдиев 2025-жылдын мартында кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгына токтолуп, аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга артыкчылык берүүгө кызыкдар экенин ырастады. 

Белгиленген келечектүү багыттар: логистика тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын, текстиль жана элдик кол өнөрчүлүктү экспорттоону кеңейтүү. Ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо, түз келишимдерди түзүү жана экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн өз ара бизнес миссияларды уюштуруу жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Александр Беглов Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүп жатканын айтып, 2023-жылы Санкт-Петербургда Башкы консулдуктун ачылышынын маанилүү ролун белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин, Кыргызстандын өкмөттүк делегациясына Петербург эл аралык экономикалык форумунун иш-чараларына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Данияр Амангелдиев кыргыз тарап биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастап, Александр Бегловду өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды.