Данияр Амангелдиев КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер кабинети 19 Июль 2025 11:21
687a8903ea8bd.jpeg
687a89040ef41.jpeg
687a8903f1cc9.jpeg
687a890414e6f.jpeg
Алдыга
Артка
687a8903ea8bd.jpeg
687a89040ef41.jpeg
687a8903f1cc9.jpeg
687a890414e6f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 106-жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү боюнча чаралар талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Шериктештиктин алкагында кызматташууну мындан ары дагы чыңдоого багытталган бир катар чечимдерге кол коюлду.