Данияр Амангелдиев Казакстандын “Достык” ордени менен сыйланды

Министрлер кабинети 23 Сентябрь 2025 17:07
68d27cc7241bc.jpg
68d27cc7582de.jpg
68d27cc7260cb.jpg
Алдыга
Артка
68d27cc7241bc.jpg
68d27cc7582de.jpg
68d27cc7260cb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунун алкагында өтүп жаткан “Маданий дипломатия — Боордоштукту бекемдөө жолунда” кыргыз-казак илимий – чыгармачыл интеллигенциянын тогузунчу форумунда тапшырды.