Данияр Амангелдиев Бажы кызматынын төрагасын жамаатка тааныштырды

Министрлер кабинети 22 Июль 2025 18:00
687f770169c4b.jpg
687f77017d5cf.jpg
687f77016a067.jpg
Алдыга
Артка
687f770169c4b.jpg
687f77017d5cf.jpg
687f77016a067.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмаз Салиевди тааныштырды.

Дайындоо президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик бажы кызматын Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, министрлер кабинетинин курамына өз алдынча мамлекеттик орган катары киргизүү жөнүндөгү жарлыгына ылайык ишке ашырылды.

Жаңы төраганы Бажы кызматынын жамаатына тааныштыруу учурунда Данияр Амангелдиев түзүмдү кайра уюштуруу административдик процесстерди жөнөкөйлөтүү жана ведомствонун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

Анын айтымында, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге кызматтын алдында турган стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчилик дагы жогорулайт.

Өз кезегинде Алмаз Салиев өлкө жетекчилигине көрсөткөн жогорку ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, Бажы кызматынын кызматкерлери коюлган милдеттерге жетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганына ишендирди.