Данияр Амангелдиев баалуу кагаздар маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети 10 Июнь 2025 18:10
684816760e8f5-thumb.JPG
68481677191d6-thumb.JPG
684816771b1bb-thumb.JPG
684816760dec8-thumb.JPG
684816768f570-thumb.JPG
684816768fdd7-thumb.JPG
Алдыга
Артка
684816760e8f5-thumb.JPG
68481677191d6-thumb.JPG
684816771b1bb-thumb.JPG
684816760dec8-thumb.JPG
684816768f570-thumb.JPG
684816768fdd7-thumb.JPG
Алдыга
Артка

Бишкек 10.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги алдында президенттин “Инвестициялык климатты өнүктүрүү жана тышкы каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын эгемендүү еврооблигацияларын эл аралык капитал рыногуна 5 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен 700 млн доллар өлчөмүндө ийгиликтүү чыгаруунун тажрыйбасы талкууланды. 

Күн тартибиндеги негизги маселе тышкы каржылоону тартуу жана Кыргызстандын жана мамлекеттик компаниялардын эл аралык капитал рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду.

Отурумдун жыйынтыгында мамлекеттик органдарга баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү бар стратегиялык маанилүү акционердик коомдордун тизмесин түзүү боюнча иштерди активдештирүү боюнча тапшырмалар берилди.