Данияр Амангелдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын жыйындарына катышты

Министрлер кабинети 22 май 2025 09:22
682de346d35b2.jpeg
682de3139e03d.jpeg
682de333e4541.jpeg
682de31a20912.jpeg
Алдыга
Артка
682de346d35b2.jpeg
682de3139e03d.jpeg
682de333e4541.jpeg
682de31a20912.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Алжирде өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун башкаруучулар кеңешинин жана директорлор кеңешинин пленардык жыйынына катышты.

ИӨБдүн 2025-жылдагы жылдык жыйыны "Экономиканы диверсификациялоо, жашоону байытуу" деген аталышта өттү.

Адатта ИӨБ жылдык жолугушуулары мамлекеттердин, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир эле маалда өткөн иш-чаралардын бай программасын камтыйт.

Быйылкы иш-чарага ИӨБ мүчө мамлекеттерин кошкондо 50дөн ашык өлкөнүн делегациялары катышууда.