Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Швейцариянын Цюрих шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн роуд-шоу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны Кыргызстандын элчилиги Туристтик уюмдардын ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте Германиянын эл аралык кызматташтык коому, Швейцария жана Европа биримдигинин өнүгүү боюнча өнөктөштөрү, Түрк аба жолдору, Туризм департаменти жана Швейцариядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен уюштурулду.
Ага Кыргызстанга саякаттарды уюштурууга кызыккан Швейцариянын туристтик агенттиктери жана Ak Sai, Edelweiss Touristik, САТ, Travel Expeditions, Nomads Life, Silk Way сыяктуу кыргызстандык туристтик компаниялар катышты.
Иш-чаранын ачылышында элчи Омар Султанов чогулгандарга кыргыз-швейцар мамилелеринин өнүгүшү тууралуу маалымдап, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ал швейцариялык өнөктөштөрдү Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого чакырды.
Роуд-шоунун алкагында кыргызстандык туроператорлор Кыргызстанда кызмат көрсөткөн ар кандай багыттарды жана туризмдин түрлөрүн тааныштырышты.
Ошондой эле швейцариялык туристтик агенттиктери менен иштиктүү байланыштар түзүлүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдары талкууланды.