Бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маалымат угулууда. Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевден комментарий алды.
– Чынгыз мырза, Тажикстан менен чек ара маселеси толугу менен чечилди. Бул жараянга кандай баа бересиз?
– Биринчиден, бул тарыхый чечим деп айтаар элем. Чек ара маселеси Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле чыккан жок, бул маселе 100 жылдан бери такталбай келген көйгөй болчу. Бирок, ушул кезге чейин бир дагы мамлекеттик жетекчи аны аягына чыгарууга белсенген эмес. Себеби, жоопкерчиликтен качышкан. “Мен өз мөөнөтүмдү эптеп өткөрүп алайын, бул маселени кийинки муундар чечип алат” деп, маселенин түйүнүн улам кийинкиге калтыра беришкен.
Президент Садыр Жапаров жана анын командасы, генерал Камчыбек Ташиев эң оор жоопкерчиликти мойнуна алып, Өзбекстан менен чек ара маселесин аягына чыгарды. Өзбекстандын калкы жылына 1 миллионго өсүп жатат. Алар үчүн ар бир метр жер өтө маанилүү. 10 жылдан кийин алардын калкы дагы 10 миллионго көбөйөт, жердин баасы дагы кымбаттайт. Эгер чек ара маселеси чечилбей, дагы кийинкиге калтырылса, анда 10 жылдан кийин бул маселе согушка алып келмек. Кудайга шүгүр, Өзбекстан менен достук мамиледе чечишип алдык.
Ал эми Тажикстан менен болгон талаш аймактар тууралуу айтсам, кандай гана оорчулуктар болду. Эки ирет кандуу кагылышуу болду. Бул маселеге чекит коюлбаса, алдыда дагы далай жолу тирешүү, кагылышуу, чыр-чатактар улана бермек. Учурда дүйнө тынч эмес. Көп жерде согуш жүрүп жатат. Орто Азиянын тынчтыгын бузгусу келген сырткы күчтөр жок эмес. Бат эле согуш отун тутандырууга аракет кылгандар бар. Мына, ошондой коркунучтар эми артта калды. Тажикстан менен чек ара тилкелерин такташып, кол коюштук. Жакынкы күндөрү чек ара маселесине толугу менен чекит коюлат.
– Кыргыз саясатында бүткөн ишти сындап чыга калгандар болот да, аларга эмне айтар элеңиз?
– Туура, чек ара маселеси эч качан эки тарапка тең идеалдуу чечилбейт. Сындар, талаш-тартыштар сөзсүз болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, Кыргызстан утту деп ишенимдүү айта алам. Тынч жашоонун өзү утуш. Чек аранын такталганы жеңиш деп айтар элем. Чек ара маселесинин чечилиши түбөлүк тынчтыктын орногону деп эсептейм.
Кошуналар менен тынч, достукта жашасак – экономикалык өсүү болот. Баткенде жашаган эл бир нече жылдан бери атылган октон чочуп ойгонуп келди. Эми алардын уйкусу тынч болот деп ишенем. Бул маселени чечип, мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылган Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана бардык сүйлөшүүлөргө катышкан командага терең ыраазычылык билдирем.