Чыңгыз Кожошев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 10 Февраль 2025 18:45
3066390.5ef186b5795304cd45957a0b6b.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кожошев Чыңгыз Эргешбаевич министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, ал Жазаларды аткаруу кызматын 2024-жылдын декабрь айынан тарта жетектеп келген. Ал эми президенттин жарлыгына ылайык, 2025-жылдын февраль айынын башында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлгөн.