Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Эртең, 29-июлдан тартып Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул тилкеде реконструкция иштери жүргүзүлөт.
Биринчиден, бордюрларды жана арыкты демонтаждоо иштери жүргүзүлөт, бул мезгилде жол кыймыл үчүн ачык болот. Бирок асфальт алынып, жаңы катмар төшөлөрдө унаа кыймылы үчүн толук жабылат.
Белгилей кетсек, аталган тилке эки айга жабылат.
Буга байланыштуу №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөрөт. Кошумчалай кетсек, Ч. Айтматов проспектисинде каттам саат 22:00дөн 05:00гө чейин тыюу салынган. Бул учурда унаалар Масалиев проспектиси менен Садырбаев көчөсүнө багытталган.