Чубак Жалиловго “Эл баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Президент Загрузка... 21 Май 2026 09:40
1594418085_chubak-azhy-zhalilov.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи маркум Жалилов Чубак Тажибаевичке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Эл баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Чубак Жалиловго сыйлыктар диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылды.