Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Кемин районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда, Подгорный айылында Audi C4 үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМдин 7 куткаруучусу жана ИИМдин 6 кызматкери тартылды.
"Куткаруу иштеринин жыйынтыгында чөгүп кеткен унаа крандын жардамы менен суудан чыгарылды. Унаанын ичинен 3 эркек кишинин сөөгү табылды. Маркумдардын өздүгү такталууда, сөөктөр милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.