Чолпон-Атада “Министрлер кабинетинин төрагасынын кубогу” үчүн ат чабыш болду

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 04 Май 2025 10:10
6816290a9882b-thumb.jpeg
6816290b2d715-thumb.jpeg
6816290a38661-thumb.jpeg
6816290bbd4d0-thumb.jpeg
6816290c9199b-thumb.jpeg
6816290c18604-thumb.jpeg
6816290cf215f-thumb.jpeg
6816290d39e04-thumb.jpeg
68162914be27a-thumb.jpeg
68162916ac35b-thumb.jpeg
6816290749b1e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6816290a9882b-thumb.jpeg
6816290b2d715-thumb.jpeg
6816290a38661-thumb.jpeg
6816290bbd4d0-thumb.jpeg
6816290c9199b-thumb.jpeg
6816290c18604-thumb.jpeg
6816290cf215f-thumb.jpeg
6816290d39e04-thumb.jpeg
68162914be27a-thumb.jpeg
68162916ac35b-thumb.jpeg
6816290749b1e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо биринчи жолу “Министрлер кабинетинин төрагасынын кубогу” үчүн ат чабыш өткөрүлүп, ал кыска аралыкка чабылды.

Бул иш-чара 2025 жайкы туристтик мезгилдин салтанаттуу ачылышынын программасын көркүнө чыгарды.

Министрлер кабинетинин төрагасы куттуктоо сөзүндө күлүк ат менен жылкынын кыргыз элинин руханий маданиятындагы мааниси терең экенин белгилеп, аны эркиндиктин, кубаттын жана салттардын уландысынын символу катары белгиледи.

“Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мекени катары этноспортту өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы маданий диалогду чыңдоого өзгөчө маани берет”, - деген минкаб төрагасы, өлкөнүн этноспортту жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү платформасы катары өзгөчө ролун белгиледи.

Кыска аралыкка ат чабуудан тышкары алыстыкка чабуу жана салттуу 20 чакырымга аламан байге да болду.

Мелдештин жалпы байге фонду 4 млн сомду түздү.

“Министрлер кабинетинин төрагасынын кубогу” кыска аралыкка чабууда байгелүү орундарды ээлеп, акчалай сыйлыктарга ээ болгондорго: 1-орунга - 600 000 сом, 2-орунга - 150 000 сом, 3-орунга - 80 000 сом ыйгарылды. 

Жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды минкаб төрагасы өзү тапшырып, бул чабуу жакшы салтка айланып, Кыргызстанда ат спортунун мындан ары өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.