Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Германиянын Бавария жана Тюрингия федералдык штаттарындагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Краммэл менен жолукту.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн Чолпон-Атада өткөн "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес форумунун жана кыргыз-герман Ишкерлер кеңешинин 4-отурумунун алкагында өттү.
Райнхольд Краммэл герман тараптан кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин теңтөрагасынын орун басары болуп саналат.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, экономикалык байланыштарды чыңдоодо жана өз ара аракеттенүү багыттарын кеңейтүүдө Ишкерлер кеңешинин ролу өсүп жатканын белгилешти.
"Биз өткөрүп жаткан иш-чаралар Кыргызстанды инвестиция үчүн гана ачык эмес, анын артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары таанылышына өбөлгө түзөт деп эсептейм", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Минкаб төрагасы Кыргызстанда транспорттук автомобиль жана темир жол каттамдарын диверсификациялоо, ошондой эле өлкөдө иштеп жаткан аэропортторду реконструкциялоо жана жаңыларын куруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан менен Германиянын транспорт-логистикалык тармагындагы кызматташуусун улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Германиянын “Rhenus Logistics” жана “LUNO-Gruppe” ири логистикалык компанияларынын Ысык-Көлдөгү окуяларга катышуусуна канааттангандыгын билдирди. Адылбек Касымалиев германиялык өнөктөштөр менен мындан аркы кызматташууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Ишкерлер кеңешинин алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарбасы, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана туризм тармагындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Өз кезегинде Райнхольд Краммэль эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кыргызстандык өнөктөштөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Ишкер кеңештин алкагында мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришип, кыргыз-герман экономикалык байланыштарын чыңдоого эки тараптын кызыкдар экендиктерин ырасташты.