Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалы ачылууда.
Учурда фестиваль театралдаштырылган көргөзмө менен коштолууда. Ошондой эле иш-чарага катышып жаткан өкүлдөрдүн парады өттү.
Мындан тышкары, фестивалдын алкагында “Камбаркан” ансамблинин коштоосунда жандуу музыка тартууланууда.
Иш-чараны маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков ачып, ага Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн искусство ишмерлери, чыгармачыл инсандары жана маданият тармагына салым кошкон ишмерлери катышууда.
Фестивалдын жүрүшүндө улуттук музыка, чыгармачылык өнөр жана кыргыз элинин маданий мурастары тартууланат.
Бүгүн саат 19:00дө Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн чеберлеринин катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Ал эми кийинки күндөрдүн программасы төмөндөгүдөй:
- 3-сентябрда — аспаптык өнөр боюнча кароо-сынак жана кечки концерт;
- 4-сентябрда — вокалдык жана аспаптык аткаруучулардын конкурсу жана кечки концерт;
- 5-сентябрда — жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана жыйынтыктоочу гала-концерт өтөт.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.