Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Голливуд актерлорунун, кинопродюсерлердин жана эл аралык киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция өтөт.
Иш-чарага америкалык актер, продюсер, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон “Дракон” Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Лин, советтик жана россиялык театр жана кино актрисасы Наталия Аринбасарова, польшалык кинопродюсер, “Петя жана карышкыр” анимациялык тасмасы үчүн “Оскар” сыйлыгынын ээси Збигнев Жмудский, америкалык режиссер, продюсер жана актер Эрик Ялгашев катышаары маалымдалды.
Ошондой эле пресс-конференцияга КР эл артисти, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова жана башкалар катышмакчы.
Белгилей кетсек, маалымат жыйындын жүрүшүндө чет элдик коноктор Кыргызстан жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу таасирлери менен бөлүшүп, Көчмөндөр оюндардын маданий программасына катышуусу жөнүндө айтып беришет.
Мындан тышкары, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, кинематография тармагындагы биргелешкен долбоорлордун келечеги жана маданият менен кинонун Кыргызстанды дүйнөлүк маданий аренада таанытуудагы ролу талкууланат.