Чолпон-Атада Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин расмий жолугушту

Министрлер кабинети 14 Август 2025 17:57
689dcb5dce368.jpeg
689dcb5e5db76.jpeg
689dcb5c673cd.jpeg
689dcb5b54150.jpeg
689dcb5a70d96.jpeg
689dcb5a657dc.jpeg
689dcb59a6d3b.jpeg
689dcb5967e8c.jpeg
689dcb5872ea3.jpeg
689dcb58786ec.jpeg
689dcb57451b7.jpeg
689dcb5735fe9.jpeg
689dcb55ecd17.jpeg
689dcb5599ccb.jpeg
689dcb5536a13.jpeg
689dcb545151d.jpeg
689dcb533a7b4.jpeg
689dcb52d6ea7.jpeg
689dcb5243e7c.jpeg
Алдыга
Артка
689dcb5dce368.jpeg
689dcb5e5db76.jpeg
689dcb5c673cd.jpeg
689dcb5b54150.jpeg
689dcb5a70d96.jpeg
689dcb5a657dc.jpeg
689dcb59a6d3b.jpeg
689dcb5967e8c.jpeg
689dcb5872ea3.jpeg
689dcb58786ec.jpeg
689dcb57451b7.jpeg
689dcb5735fe9.jpeg
689dcb55ecd17.jpeg
689dcb5599ccb.jpeg
689dcb5536a13.jpeg
689dcb545151d.jpeg
689dcb533a7b4.jpeg
689dcb52d6ea7.jpeg
689dcb5243e7c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин расмий жолугушуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өттү.

“Рух Ордо” маданий борборунун флагштокторуна Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди.

Өкмөт башчылар учурашкандан соң, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, андан кийин жүрүш жасалды.

Салтанаттын жүрүшүндө өкмөт башчылар тууга таазим кылышты. Россия өкмөтүнүн төрагасы кароолго кайрылып, учурашты. 

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Тосуп алуу аземинен кийин делегациялардын башчылары Ч. Айтматов атындагы үй-музейине кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн өтүштү.