Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Чолпон-Ата шаарында 6–12-август күндөрү күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 6-августта мезгил мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 8-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 10-11-августтарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 12-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
6-август: түнкүсүн 12…14 күндүз 20…22
7-август: түнкүсүн 14…16 күндүз 22…24
8-август: түнкүсүн 13…15 күндүз 22…24
9-август: түнкүсүн 14…16 күндүз 23…25
10-август: түнкүсүн 15…17 күндүз 23…25
11-август: түнкүсүн 15…17 күндүз 23…25
12-август: түнкүсүн 15…17 күндүз 24…26