Чолпон-Атада 32 өлкөнүн балбандары күч сынашты

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 18:40
Чолпон-Атада 32 өлкөнүн балбандары күч сынашты
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кураш, гореш жана монгол күрөшү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандан бир балбан коло медаль тагынды. Ал эми мелдештин чемпиону Өзбекстандын спортчусу болду.

“Албетте, алдыда дагы көптөгөн мелдештер бар. Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы күнү гана. Алдыда дагы көптөгөн беттештер өтөт”, — деди ал.

Ошондой эле Ашыралиев бүгүнкү мелдештерге 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышканын белгиледи. Жалпысынан 10 салмак категориясы каралып, Кыргызстандан ар бир салмак категориясына бирден спортчу катышты.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун бир катар спорттук аянтчаларында уланат.